Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Казакстандан 36 000 кг тоок этин Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылышкан

“Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү пунктунда Казакстан Республикасынан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан 36 000 кг өлчөмүндөгү тооктун эти ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан атайын текшерүүнүн негизинде ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптарын бузгандыгы аныкталган.
Ага ылайык, “Ак-Тилек” чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору текшерүү учурунда ветеринардык коштомо документтери жок экендиги жана ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында “Ак-Тилек” чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк Казакстанга “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу артка кайтарылды.

Show More
Back to top button