Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Мал чарба продукциясын өндүрүү жана климаттын өзгөрүүсү талкууланды

Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин адистери мал чарба продукциясын өндүрүү жана климаттын өзгөрүүсүн азайтуу боюнча семинарга катышышты. Семинардын максаты мал чарба секторунун негизги кызыкдар тараптарын бириктирүү жана климаттык пайданы жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасында жана Борбордук Азия регионунда мал чарба саясатын өнүктүрүү боюнча талкууну жандандыруу болду. Семинарга жогорку бийлик өкүлдөрү, жеке сектордун өкүлдөрү жана тиешелүү өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.
Семинарда Кыргыз Республикасындагы мал чарба сектору үчүн климаттын өзгөрүшүн жумшартуу боюнча саясаттарды жана ченемдик укуктарды иштеп чыгуу, аталган сектордун эмиссиясынын траекториясын жана кесепеттерин азайтуу потенциалын баалоо, өлкө үчүн өзгөчө жумшартуу чараларын аныктоо, ошондой эле мал чарба тармагында климаттык жана ага байланыштуу мүмкүнчүлүктөрдү киргизүү белгиленди.

Show More
Back to top button