Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кара-Сууда экинчи түшүмгө өстүрүлгөн маш сыноодон ийгиликтүү өттү

Ош облусунун Кара-Суу районундагы сорт сыноо участогунда дыйкан жана фермерлердин кирешесин көбөйтүү, дан эгиндеринен кийин айдоо аянтты бош калтырбоо жана экинчи ирет түшүм алуу үчүн маш өсүмдүгүн өстүрүү максатында Кара-Суу мамлекеттик сорт сыноо участогунда маш өстүрүү боюнча атайын семинар өткөрүлүп, анда өсүмдүк тууралуу кеңири малымат берилди
Кара-Суу мамлекеттик сорт сыноо участогунда 2024-жылдын түшүмү үчүн эгилген 5 га күздүк буудайдын түшүмүн жыйнап алгандан кийин, 18-июлда ордуна экинчи тушүм алууга маш эгилген. Анын өсүп-бышып жетилүү мезгили 70-72 күндү түздү.
Маш – чанактуулар тукумундагы бир жылдык чөп өсүмдүк. Маштын сабагы (бийиктиги 15–80 см) тик же төшөлүп өсөт. 1000 данынын салмагы 25–80 г. Данында 24–28% белок, 46–50% крахмал, 2–4% май, ж. б. витаминдер болот. Даны тамак-ашка, көк чөбү тоютка пайдаланылат. Гектарынан 10–16 ц/га түшүм, 80–200 ц/га көк чөп алынат.
Маш айдоо аянттарынын асылдуулугун көтөрүп, 1га аянтта 80-120 кг чейин азот топтойт.

Show More
Back to top button