Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Сокулуктагы 100 гектар алма бак продукциясын Кытайга экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү каралды

Сокулук районунда жайгашкан “Агропродукт Азия” Кыргызстанда жаңы мөмө-жемиштерди муздак сактоочу биринчи ишкана. Аталган ишкананын ишмердүүлүгү жана көйгөйлөрү менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурсатары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев көчмө жыйын учурунда таанышты. Компаниянын жалпысынан 7 000 тонна сыйымдуулуктагы эки кампасы бар. Ишкана өндүргөн продукциянын 90%дан ашыгы Россиянын “Магнит”, “Пятерочка”, “Лента” сыяктуу чоң соода тармактарына экспорттолот. 3 жыл аралыгында компания 8 000 тоннадан ашык продукцияны, анын ичинде алма, жүзүм, шабдалы, сабиз, картошка, пияз, капустаны экспорттогон. “Агропродукт Азияда” алма менен сабизди жууп, сорттоп жана таңгактоо үчүн автоматтык линиялары дагы бар.
Компания өзүнүн чийки зат базасын түзүү максатында 5 сорттон турган 100 гектар интенсивдүү алма багын отургузган.
Көчмө жыйындын жыйынтыгында ички рынокту камсыздоо, ишкананын продукцияларын Кытайга жана башка кошуна мамлекеттерге экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, бир катар чечимдер кабыл алынды.

Show More
Back to top button