Маанилүү жаңылыктар

Кыргызстандагы климаттык форум: климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө биргелешкен аракеттер

Бүгүн, 1-октябрда Бишкекте масштабдуу климаттык форум болуп өттү, ага жергиликтүү коомчулуктардын, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын 200гө жакын өкүлдөрү катышты. Талкуунун чордонунда “Жергиликтүү деңгээлдеги тажрыйба жана потенциалдуу мүмкүнчүлүктөр” темасы, ошондой эле Кыргызстандын 2030-жылга карата парник газдарынын чыгарылышын 44%га азайтуу боюнча стратегиясы болду. Бул иш-чара өлкөнүн климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча эл аралык демилгелерди ишке ашыруудагы жигердүү аракеттерин баса белгилейт.

Форум тажрыйба алмашуу жана климаттык адаптациялоо жаатында кабыл алынган кадамдарды талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болуп калды. Форумга КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Б.Э. Төрөбаев, КРдагы Дүйнөлүк Банктын Өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Риделл мырза, КР Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Б.Т. Сыдыков, АРИСтин Аткаруучу директору М.Д. Наспеков жана министрликтердин, ведомстволордун, эл аралык донор уюмдардын, Кыргызстандын 7 облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Б.Э. Төрөбаев: “Климаттын өзгөрүшү — биздин жашообуздун бардык тармактарына: социалдык-экономикалык өнүгүүдөн тартып, айлана-чөйрөгө жана калктын бакубаттуулугуна таасир эткен эң маанилүү маселелердин бири. Кыргызстан тоолуу рельефи жана айыл чарбасына көз каранды өлкө катары климаттын өзгөрүшүнө өзгөчө аялуу. Ошондуктан, бул чакырыкка биздин чара көрүүбүз комплекстүү жана өз убагында болушу керек. Министрлер кабинети жаңы шарттарга адаптациялоо боюнча активдүү чараларды көрүүдө. Негизги документтердин бири – Улуттук адаптация планы”,- деп белгиледи.

Форум тажрыйба алмашуу жана климаттык адаптациялоо жаатында кабыл алынган кадамдарды талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болуп калды. Климаттык чакырыктарга каршы күрөшүүдө жергиликтүү коомчулуктардын алдында турган негизги көйгөйлөр жана мүмкүнчүлүктөр талкууланды.
Бул маанилүү иш-чара Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин:
«Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында кошумча каржылоо (СOVID-19 чара көрүү боюнча)» (ДФ ПСИ-3)
“Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо CASA-1000” (ППМС) долбоорлорунун алкагында өтүп жатат.

ДФ ПСИ-3 жана ППМС жер-жерлерде социалдык-экономикалык инфраструктураны жакшыртуу, калктын аялуу катмары үчүн киреше алып келүүчү объекттерди колдоо үчүн чакан долбоорлорду пайдалануу жана ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү боюнча чечимдерди кабыл алуу процессине коомчулуктарды тартуу боюнча алдыңкы болуп саналат. Алсак, инвестициялардын 80%дан ашыгы климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоону жана алардын кесепеттерин жумшартууну колдогон чакан долбоорлорду ишке ашырууга багытталган. Бул каражаттар айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтууга жана климаттык пайданы жогорулатууга багытталган.

Кыргыз Республикасы климаттык чакырыктарга каршы күрөшүү боюнча эл аралык аракеттерди активдүү колдоону улантууда жана бул форум өлкөнүн амбициялуу максаттарын ишке ашырууга карай маанилүү кадам болуп калды.

Show More
Back to top button