Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Бишкектен Шанхайга айыл чарба продукцияларын “Turkish Airlines” компаниясы ташууга даяр

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары  С.Н. Насирдиновдун “TURKISH CARGO” Түрк аба жолдорунун вице-президенти менен жолугушуусу болуп өттү, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынан Кытай Эл Республикасынын Шанхай шаарына чейин айыл чарба товарларын ташып чыгуу боюнча келишимдери жетишилди.

Кытай Эл Республикасынын ортосунда мурда кол коюлган “TURKISH CARGO” Түрк аба жолдорунун ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында айыл чарба товарларын (жүктөрдү) жумасына 400 тоннага чейин ташуу каралган жана баасы 6-7 доллардан 1 килограммына 1,5 долларга чейин төмөндөтүлгөн.

Ошол эле учурда Министрлик тарабынан айыл чарба товарларынын экспорттук потенциалын жогорулатуу боюнча бардык зарыл иштер аткарылууда.

Министрлик биздин атамекендик өндүрүүчүлөрдү жана экспортерлорду айыл чарбасын активдүү өнүктүрүүгө жана республиканын экспорттук потенциалын жогорулатууга чакырат.

Show More
Back to top button