Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

“АгроТехЭкспо-2024” агроөнөржай көргөзмөсүндө 250дөн ашык айыл чарба техникаларынын түрлөрү көрсөтүлөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 2024-жылдын 18-октябрынан 20-октябрына чейин Бишкек шаарында Т.Усубалиев атындагы аянттында, Республикалык “АгроТехЭкспо-2024” агроөнөржай көргөзмөсүн жана “Алтын күз” айыл чарба азыктарынын жарманкеси өтөт.

“АгроТехЭкспо-2024” – бул Кыргыз Республикасындагы дүйнөнүн алдыңкы айыл чарба техникаларын өндүргөн ишканалардын техникаларынын бардык түрүн жана алдыңкы технологияларын сунуш кылуучу көргөзмө болуп эсептелет.
«АгроТехЭкспо-2024» көргөзмөсүндө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, “Айыл Банк” ААК жана “Элдик Банк” ААК тарабынан даярдалган лизинг долбоорлору боюнча презентациялар болот. Көргөзмөнүн үч күндүк ишине республиканын ар кайсы облустарынан 20000 ашуун фермерлердин жана дыйкандардын катышуусу күтүлүүдө.

Көргөзмөнүн негизги максаты агрардык тармактын мүмкүнчүлүктөрүн инвесторлорго сунуштоо жана айыл чарба техникаларын сатууда атаандаштыкты жаратуу, фермерлердин заманбап агроөнөржай технологиялары тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Көргөзмө Бишкекте 20000 чарчы метрден ашык аянтта өтөт. Ошондой эле, көргөзмөдө дүйнөнүн алдыңкы заманбап айыл чарба техникалары жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү жабдууларынын үлгүлөрү, жаңы инновациялык технологиялар, үрөндүн түрлөрү, жер семирткичтер, ветеринардык дары-дармектер, өсүмдүктөрдү коргоочу каражаттар, энергетикалык каражатар, асыл-тукум малдары жана башка айыл чарба товарлары көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, көргөзмөнүн негизги экспонаттары болуп Джон Дир, Клаас, Лемкен, Нью-Холанд, МТЗ, Ростсельмаш, УТО, Фотон-Ловол, Зумлион, Гомсельмаш жана башка дүйнөдөгү алдыңкы айыл чарба техникаларын өндүрүүчүлөрүнүн техникалары сунушталат.

Айыл чарба техникаларынын жана жабдууларынын 250 дөн ашык түрлөрү, анын ичинде тракторлор, комбайндар, жер иштетүү техникалар, себүүчү машиналар жана кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар көрсөтүлөт.

Ал эми айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз драмалык театрында 2024-жылдын 18–октябрында өтөт. Көргөзмөнүн алкагында шаардыктарга жана борборубуздун конокторуна айыл чарба продукциясынын бардык түрлөрүн сатуу үчүн “Алтын-Күз” жармаңкеси уюштурулат, жана бардык каалоочулар эт, бал, жашылча-жемиштерди жеткиликтүү баада сатып ала алышат.

Аталган иш-чарага катышууга кызыктар тараптарга төмөндөгү дарек боюнча кайрылса болот: Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96А, 712-кабинет тел: (996-0312) – 664509, 623629, 664481., E-mail: tehinspekzia@mail.ru

Show More
Back to top button