Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Бакыт Төрөбаев: “Соода-логистикалык борборлорду уюштуруу жана өнүктүрүү учурдун талабы”

Бүгүн, 2024-жылдын 28-сентябрында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Ош облусунда “Ноокат Алмасы” соода логистикалык борборунун базасында “Региондук экономикалык өнүктүрүү (ПРЭР)” долбоорунун алкагында Кошумча нарк чынжырчасынын региондук кластердик маселени талкуулаган семинар өттү.


  Семинарда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев соода-логистикалык борборлор кайра иштетүү өнөр жай ишканалары сыяктуу эле кластердик бирикменин агрегатору катары өз ишмердигин жүргүзүшү зарылдыгын белгиледи.


  Өз сөзүндө Төрөбаев: “Жер-жерлерде жана аймактарда адистештирүү иштерин күчөтүү зарыл. Ал үчүн “Бир айыл – бир продукт” деген адистештирүү программаны дагы ишке ашыруу азыркы күндүн талабы”, – деп билдирди ал.


  Семинардын максаты – алдыңкы, прогрессивдүү, инновациялык технологияларды өндүрүшкө киргизүү, азыктарды даярдоо, сорттоо, таңгактоо, маркировкалоо, сертификаттоо, сактоо, транспортировкалоо процесстерин жакшыртуу, азыктарды бирдей формада жана көлөмдө даярдоо боюнча окутуу, таанып-билүү иштерин жайылтуу жана жер-жерлерде аймактык соода-логистикалык борборлорду уюштуруу жана өнүктүрүүгө багытталган. 


  Жыйынтыгында кластердик бирикмелерди жер-жерлерде аймактарда, ар бир райондо түзүү жана өнүктүрүүгө ар тараптан колдоо көрсөтүүгө өзгөчө көңүл буруу милдети боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына – акимдерге, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктардын башчыларына, өз алдынча башкаруу органдарына протоколдук тапшырмалар берилди.


  Семинарга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын райондорунун администрация башчылары, ААК Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, Айыл банк, Элдик банк  жана райондук агрардык башкармалыктын башчылары, фермер-дыйкандар катышты.

Show More
Back to top button