Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Ысык-Көл облусунда калкты таза суу менен камсыздоо жана тазалоочу курулмаларды куруу иштери кызуу жүрүүдө

Калкты ичүүчү суу менен камсыздоо программасынын алкагында 21 айылда таза суу менен камсыз кылуу боюнча курулуш иштери жүрүп жатат. Айылдардын тизмеси: Түп району: Түп, Байзак, Кең-Суу, Корумду, Ичке-Суу, Фрунзе, Күрмөнтү, Ак-Булак, Кичи-Өрүктү; Тоң району: Бокомбаев, Ак-Суу району: Отрадное, Пионер, Ново-Вознесеновка;Жети-Өгүз району: Светлая-Поляна, Жон-Булак, Дархан, Тилекмат, Кызыл-Суу; Ысык-Көл району: Григорьевка, Карал-Добо.

Белгилей кетсек, 4 айылда ичүүчү суу менен камсыздоо объекттеринин долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуу боюнча кошумча иштер жүргүзүлүүдө. 

Айылдардын тизмеси: Ысык-Көл району: Тору-Айгыр, Сары-Камыш, Кызыл-өрүк, Кара-Коо. 

Ошондой эле, Ак-Суу районунун Бөрү-Баш, Кара-Жал, Качыбек, Боз-Булуң, Тегизчил айылдарындагы; Түп районунун: Кызыл-Туу айылдарындагы ДСДсы бүткөрүлүп, мамлекеттик экспертизага тапшырууга даярданууда.

Өзгөчө көңүл Чолпон-Ата, Балыкчы жана Каракол сыяктуу шаарларга бурулду, аларда канализациялык тазалоочу курулмаларды куруу гана ишке ашырылбастан, иштеп жаткан канализация системаларын реконструкциялоо да жүргүзүлүүдө. Бул чаралар региондогу экологиялык абалды жакшыртууга жана жашоочуларды ичүүчү сууга ишенимдүү жетүүнү жана саркынды сууларды чыгарууну камсыздоого багытталган.

Белгилей кетсек, Балыкчы шаарынын канализациялык-тазалоочу курулмасын (КТК) техникалык ачылышы болуп, жакынкы арада расмий ачылышы пландаштырылууда, күнүнө 4 200 м3 саркынды сууларды тазалай алат.

Мындан тышкары, Каракол шаарынын КТКсы суткасына 12 000 м3 саркынды сууларды тазалай алат. Учурда эскирген КТКсы демонтаж иштеринен улам алып салуу иштери аяктап, административдик имараттын куруу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле, Чолпон-Ата шаарынын жана ага жакын жайгашкан айылдардын КТКнын курулушу боюнча макулдашууну ратификациялоо боюнча иштер жүрүп жатканын белгилейбиз.

Долбоордун аякташы менен таза суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу инфраструктурасын кыйла модернизациялоосу күтүлүүдө, бул калктын ден соолугуна, ошондой эле айлана-чөйрөгө жагымдуу таасирин тийгизет.

Show More
Back to top button