Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти (уюштуруучу) суу объектилерин жана суу объектилеринин участогун балык чарбаларын уюштуруу үчүн пайдаланууга берүүгө сынак жарыялайт.
Сынактын уюштуруучусу юридикалык жана жеке жактардын арыздарын 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, көч. Киев 96-А., 6-кабат, 607-кабинет, телефон: 66-28-30, факс 66-28-10 дареги боюнча кабыл алат.
1. Сынактык арыздарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү 2024-жылдын 23-октябры.
2. Сынактык документтерди баалоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отуруму 2024-жылдын 27-октябрында, саат 10:00 Бишкек шаары, Киев көч. 96-А, 6-кабат, 621-кабинетте өткөрүлөт.
№ к/н | Лот № | Суу сактагычтын аталышы | Жайгашкан жери | Көлмөнүн/көлмөнүн тилкесинин аймагы | |
Чүй облусу | |||||
1 | 00-43 | БСР «Новое озеро», контур №662 | Ак-Кудук а/о, Ыссык-Ата району | 14 га | |
2 | 00-44 | БСР “Плотина 2” | Сары-Озон а/о, Сокулук району | 12,65 га | |
Жалал-Абад облусу | |||||
7 | 00-45 | Токтогул суу сактагычынын акваториясынын участогу | Координаты – 41°47 05.0 N 72°51 32.5 E | 50 га | |
Бардык суроолор боюнча жана кошумча маалымат алуу үчүн, ошондой эле конкурстук комиссия конкурска катышуу үчүн берилген билдирмелерди баалай турган баалоо критерийлери боюнча юридикалык жана жеке жактар ведомстволор аралык комиссиянын катчысына Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., көч. Киев 96-А., 6-кабат, 607-кабинет дареги боюнча кайрыла алышат.
№ к/н Сынактык документтерге талаптар
1. Сынактык документтин толтурулган арызы
2. Өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорт)
3. Юридикалык жактын Уставынын көчүрмөсү
4. Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү
5. Салык кызматынан маалымкат
6. Социалдык фонддон маалымат
7. Квалификациясы тууралуу маалымат
8. Бизнес-пландын болушу
9. Сынактык документтерге кол коюу укугуна ишеним кат
10. Башка документтер