Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Бишкек “АгроТехЭкспо-2024” агроөнөржай жана “Алтын күз” айыл чарба азыктарынын жарманкеси өтөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 2024-жылдын 18-октябрынан 20-октябрына чейин Бишкек шаарында Т.Усубалиев атындагы аянтта, Республикалык “АгроТехЭкспо-2024” агроөнөржай көргөзмөсүн жана “Алтын күз” айыл чарба азыктарынын жарманкесин өткөрүү пландалууда.
“АгроТехЭкспо-2024” – бул Кыргызстандагы дүйнөнүн алдыңкы айыл чарба техникаларын өндүргөн ишканалардын техникаларынын бардык түрүн жана алдыңкы технологияларын сунуш кылуучу көргөзмө болуп эсептелет. Көргөзмөнүн негизги максаты агрардык тармактын мүмкүнчүлүктөрүн инвесторлорго сунуштоо, айыл чарба техникаларын сатууда атаандаштыкты жаратуу, фермерлердин заманбап агроөнөржай технологиялары тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Көргөзмө Кыргызстанда агрардык тематикадагы ири иш-чара катары айыл чарбасына, коомчулугуна дүйнөнүн алдыңкы айыл чарба техникаларын жана кайра иштетүү өнөржайы үчүн жабдууларды өндүргөн ишканалар үчүн өз продукцияларын сунуштоо үчүн чоң мүмкүнчүлүк болот. Көргөзмө ордо калаанын борборунда 15000 чарчы метрден ашык аянтта өтөт. Көргөзмөдө дүйнөнүн алдыңкы заманбап айыл чарба техникалары жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү жабдууларынын үлгүлөрү, жаңы инновациялык технологиялар, үрөндүн түрлөрү, жер семирткичтер, ветеринардык дары-дармектер, өсүмдүктөрдү коргоочу каражаттар, энергетикалык каражатар, асыл-тукум малдары жана башка айыл чарба товарлары көрсөтүлөт.
Көргөзмөнүн негизги экспонаттары болуп Джон Дир, Клаас, Лемкен, Нью-Холанд, МТЗ, Ростсельмаш, УТО, Фотон-Ловол, Зумлион, Гомсельмаш жана башка дүйнөдөгү алдыңкы айыл чарба техникаларын өндүрүүчүлөрүнүн техникалары сунушталат. Айыл чарба техникаларынын жана жабдууларынын 200 дөн ашык түрлөрү, анын ичинде тракторлор, комбайндар, жер иштетүү техникалар, себүүчү машиналар жана кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар көрсөтүлөт.

Show More
Back to top button