Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Бишкекте “Органик Экспо-2024”
көргөзмө-жарманкесинин ачылышы болду

Бүгүн, 20-сентябрда, Бишкекте Борбор Азияда биринчи жолу “Органик Экспо 2024” регионалдык көргөзмө-жарманкесинин ачылышы болду.

Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңешинин депутаты Динара Ашымова, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн министрликтеринин жана мекемелеринин өкүлдөрү катышты.

Бул иш-чара, Борбор Азия өлкөлөрүнүн агрардык секторун туруктуу өнүктүрүүгө, органикалык, регенеративдик айыл чарбасын системалуу түрдө өнүктүрүү менен тоолуу аймактардын биомаданий ар түрдүүлүгүн сактоого багытталган.

Ага 10дон ашык өлкөдөн 200дөн ашык эксперт жана 50 спикер органикалык айыл чарба, экология, климат, туруктуу өнүктүрүү жана башка маселелер боюнча катышат.

Белгилей кетсек, көргөзмө-жарманке 20-сентябрдан баштап 22-сентябрга чейин уланат.

Буга кошо «ОРГАНИК ЭКСПО 2024»: аймактын “жашыл” келечегине жаңы кадам – Борбордук Азия форуму да башталды. Бишкек – Бүгүн Кыргызстандын борборунда үч күндүк «Органик ЭКСПО 2024» Борбордук Азия аймактык форуму өз ишин баштады. Бул иш-чара органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча маанилүү окуя катары каралууда.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев форумдун катышуучуларын видео кайрылуу менен куттуктап, эл аралык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, иш-чаранын эстафеталык форматына көңүл бурду. Ал «Органик ЭКСПО» форуму жыл сайын өткөрүлүп, аймактагы өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты бекемдеген салтка айланышы керектигин баса белгиледи.

«Органикалык айыл чарба – бул азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана аймактын экспорттук потенциалын жогорулатуу жолу гана эмес. Бул климаттын өзгөрүүсүнө жана экологиялык көйгөйлөргө каршы күрөшүүдө маанилүү курал болуп саналат. Биз Борбордук Азия органикалык азык рыногунда негизги оюнчу болуп калат деп ишенебиз», – деп билдирди Төрөбаев.

Форумга дүйнөнүн 10дон ашык өлкөсүнөн 200дөн ашык эксперт жана 50дөн ашык спикер, анын ичинде Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Монголия, Орусия, Германия жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү катышууда.

Форумдун уюштуруучулары жана катышуучулары органикалык айыл чарбасы Борбордук Азияда туруктуу жана “жашыл” экономиканы калыптандырууда маанилүү бөлүккө айланат деп ишенишет.

Show More
Back to top button