Маанилүү жаңылыктар

Мобилдик тоокканаларды курууга багытталган кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги канаттуулар чарбасы үчүн жабдууларды өндүрүүчү жана экспорттоочу “Чжэнчжоу Ливи жабдуулар” ЖЧК кытай компаниясынын башкы директору Женг Йабинг, ошондой эле, “Оазис Агро” компаниясынын өкүлдөрү Константин Бородин жана “Роял Брид” асыл тукум канаттуулар фабрикасынын өкүлү Дастан Сүюнтбеков менен жолугушту. Анын алкагында айыл аймактар үчүн мобилдик тоокканаларды курууга багытталган кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Мобилдик тоокканалар массалык түрдө чыгарылып, өлкө калкына «формат IKEA» принциби боюнча таратылат. Бул максималдуу логистикалык эффективдүүлүк үчүн комплект катары жеткирилет дегенди билдирет. “Оазис Агро” компаниясы жарандарга тоюттарды даярдоо боюнча окутууну камсыздоону өзүнө алат. Тоют логистикасы жолго коюлган жана өлкөнүн бардык алыскы райондорунда соода түйүндөрү бар.

Мындан тышкары, жолугушууда Ош облусунун Араван районундагы 60 миң канаттууга ылайыкталган канаттуулар фабрикасынын долбоору сунушталды, ал 2025-жылдын жазында иштей баштайт.

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тамак-аш азыктарын, атап айтканда жумуртканы өндүрүүнүн маанилүүлүгүн эске алып, жумуртка өндүрүүнү көбөйтүү маселеси биринчи кезектеги мааниге ээ болот. Кабыл алынган чаралар өлкөнүн азык-түлүк көз карандысыздыгын бекемдөөгө жана узак мөөнөттүү экономикалык өсүш үчүн туруктуу негизди түзүүгө багытталган.

Ички рынокто тартыштык шартында республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жумуртканы өндүрүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн эске алып, жумуртка өндүрүүнү көбөйтүү маселеси биринчи кезектеги мааниге ээ болот. Кабыл алынган чаралар өлкөнүн азык-түлүк көз карандысыздыгын бекемдөөгө жана узак мөөнөттүү экономикалык өсүш үчүн туруктуу негизди түзүүгө багытталган.

Show More
Back to top button