Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Ысык-Көлдө жеке ишкерге жер жана суу мыйзамдарын бузгандыгы аныкталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы арыздын негизинде Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Кайнар участогуна текшерүү жүргүзүп, Ж.Ж. аттуу жеке ишкер тарабынан КР жер жана суу мыйзамдарынын талаптары бузулгандыгын аныктаган.


Маалыматка ылайык, жеке ишкер Ж.Ж. 0,14 га жерге мал сарай, 722,14 чарчы метр жерге чабандын үйүн жана 15,40 чарчы метр жерге эс алуучулар үчүн термалдык суу куюлган бассейнди мыйзамсыз кургандыгы жана ал жерлерди калыбына келтирүү боюнча берилген эскертүүлөрдү аткарбагандыгы үчүн материалдар сотко өткөрүлгөн.


Жыйынтыгында, Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын мыйзамсыз курулган курулушту бузуу жөнүндөгү доо арызы Жети-Өгүз райондук соту тарабынан канааттандырылды.

Мындан сырткары, лицензиясыз колдонулган минералдык-термалдык сууну эсептөө өлчөгүчү жок пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Суу Кодексинин 91-беренесинин негизинде 13 509 сом доо коюлуп, мамлекеттин пайдасына төгүлдү.

Show More
Back to top button