Маанилүү жаңылыктар

Ысык-Көлгө 500 000 даана карп-сазан балыгынын чабактары коё берилди

“Иссык-Куль плюс” айыл чарба кооперативинин инкубациялык цехинде өстүрүлгөн карп-сазан балыгынын салмагы 25-35 грамм болгон 500 000 даана чабактары Ысык-Көл көлүнүн акваториясына № 40 участогуна (Түп районунун Николаев куймасына) коё берилди.

Ошондой эле, азыркы учурда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Балык өнөр жай комплекси департаменти Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө балыктандыруу жана балык запастарын көбөйтүү максатында иш алып барууда.

Show More
Back to top button