Маанилүү жаңылыктар

Бүгүнкү күңдө 215 насостук агрегат оңдолду

2024-жылдын 17-сентябрына карата Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 541,9 км чарба аралык каналдардын оӊдоо жана механикалык тазалоо, 538 гидротехникалык курулмалардын, 231 суу өлчөөчү посттордун, 115 насостук станциялардын, 215 насостук агрегаттын оңдоо, 23 насостук агрегаттын алмаштыруу жана 10 суу топтоочу курулмалардын (4 суткалык, 3 декадалык жөнгө салуучу бассейндеринин, 3 суу сактагычтын), 59,6 км коллектордук-дренаждык тармактын механикалык тазалоо иштери аткарылды.

2024-жылдын сугат мезгилине даярдоо план-графигине ылайык, мамлекеттик суу чарба объектилеринин оңдоо жана механикалык тазалоо боюнча негизги иштери Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча 2024-жылдын 10-апрелине карата, Чүй жана Талас облустары боюнча 2024-жылдын 1-майына карата, Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча 2024-жылдын 10-майына карата бүткөрүлүп, учурда суу пайдалануучулардын өтүнмөсүнүн негизинде сугат суу берилүүдө.

Show More
Back to top button