Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргызстанда жана коңшу өлкөлөрдө азык-түлүккө болгон баалар

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2024-жылдын 11-сентябрына карата Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы менен Кыргызстандагы азык-түлүк продуктуларына болгон бааларга салыштырмалуу мониторинги жүргүздү.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын салыштырууга алынган шаарларынын азык-түлүк продуктыларына болгон баа, коңшу Казакстан Республикасынын базар бааларынан 10,04 % га жана Россия Федерациясынан 15,43 % га төмөн экендиги аныкталды.
Эскерте кетсек, өткөн аптага салыштырмалуу Кыргызстандан салыштырууга алынган шаарларынын азык-түлүк продуктыларына болгон баа 0,39% га жогорууласа, коңшу Казакстан Республикасынын базар баалары 3,6 % га, ал эми Россия Федерациясы 0,48 % га төмөндөгөнү байкалды.
Мисалы, бир аптанын ичинде Бишкек шаарынын ички рыногунда продуктылардын баалары уй эти 5 сомго, тоок жумурткасы 5 сомго жогорулаган.
Ош шаарында пастерленген уй эти 25 сомго, кой эти 5 сомготөмөндөсө картошка, сабиз 2 сомго жогоруулаган.
Каракол шаарында каймак майы 20 сомго, уй эти 5 сомго, кой эти 10 сомго жана сабиз 2,5 сомго жогоруулаган.
Казахстан Республикасына караштуу Актөбө облусундагы 1 сорттогу буудай унуна, каймак майына, уй этине, кой этине жана кумшекерге болгон баалары 1 сомдон 20 сомго чейин төмөндөгөнү байкалган. Костонай облусунда кой этине болгон баа төмөндөсө ал эми калган азык-түлүкө болгон баасы бүгүнкү күндө туруктуу. Караганда облусунда 1 сорттогу буудай, пастерленген сүт, каймак май жана сабизге болгон баа 1-25 сомго чейин жогорууласа, өсүмдүк майына жана кумшекерге болгон баа төмөндөгөн.
Россия Федерациясына караштуу Тюмень облусунда нан азыктарынын, картөшкөнүн баасы 5 сомго жана сабиздин баасы 1 сомго төмөндөгөн. Саратов облусунданан бөлкө нандын баасы жогорууласа ал эми нан азыктары, каймак майы, сабиз жана пиязга болгон баа 2 сомдон 28 сомго чейин төмөндөгөн. Красноярск облусунда азык-түлүкө болгон баа туруктуу жана өзгөрүүлөр байкалган жок.
https://docs.google.com/spreadsheets/d/1cZXNPf9lUjF_6Xq94dqDouR52niE9CSB/edit?usp=drive_link&ouid=107353448752551260144&rtpof=true&sd=true

Show More
Back to top button