Маанилүү жаңылыктар

Быйыл буудайдын дүң жыйым өткөн жылга салыштырмалуу 239,7 миң тоннага көп жыйналды

Республика боюнча дан өсүмдүктөрүн жыйноо иштери жалпы 467,8 миң га же 78,2 % аянтта жүргүзүлүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 86,8 миң га көп.

Буудай 228,4 миң га аянтта (94,9%) жыйналды, бул өткөн жылга караганда 46,5 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүгү 29,2 ц/га болуп, 2023-жылга салыштырмалуу 5,7 ц/га жогору. Айрыкча, Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарында түшүмдүүлүк 30,0-33 ц/га түзүүдө. Дүң жыйым 667,8 миң тоннаны түзүп, бул өткөн жылга караганда 239,7 миң тоннага көп.

Арпа 222,2 миң га аянтта (88,6%) жыйналды, бул өткөн жылга караганда 38,5 миң га көп. Түшүмдүүлүгү 25,8 ц/га болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 3,4 ц/га жогору. Дүң жыйым 574,0 миң тоннаны түзүп, былтыркыга караганда 162,2 миң тоннага көп болду. Арпанын эң жогорку түшүмдүүлүгү Чүй облусунда 29,1 ц/га жетүүдө.

Жүгөрү (дандык) жалпы 17,3 миң га аянтта (16,1%) жыйналды. Түшүмдүүлүк 76,3 ц/га түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1,9 ц/га көп. Дүң жыйым 131,6 миң тонна болуп, бул 2023-жылга караганда 20,9 миң тоннага жогору. Эң жакшы түшүмдүүлүк Ош облусунда – 85,6 ц/га.

Картошканын 23,7 миң га (35,7 %) казылып алынып, орточо түшүмдүүлүк 170,5 ц/га болду, бул өткөн жылга салыштырмалуу 3,7 ц/га жогору. Дүң жыйым 404,1 миң тонна болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 50,4 миң тоннага көп болду. Ысык-Көл жана Чүй облустарында түшүмдүүлүк 182-184 ц/га түзүүдө.

Жашылчанын дүң жыйымы 698,5 миң тонна болуп, бул 2023-жылга салыштырмалуу 141,9 миң тоннага көп. Бахча өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы 264,0 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга караганда 55,0 миң тоннага жогору болду. Мөмө-жемиштер боюнча 43,2 миң тонна жыйналып, бул өткөн жылга салыштырмалуу 9,1 миң тоннага көп.

Белгилей кетсек, азыркы учурда республика боюнча май өсүмдүктөрүн жыйноо иштери жүрүп жатат.

Show More
Back to top button