Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министрлик жалпы Бишкек шаардык ишембиликке катышты

Бүгүн, 14-сентябрда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жалпы Бишкек шаардык ишембиликке катышты.


Ишембиликте бөлүнүп берилген аймактар тазаланып, таштандылар чыгарылды.


Мындан сырткары министрликке караштуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана кызматкерлери, аймактардагы башкармалыктардын адистердин катышуусунда ишембилик өткөрүлдү.


Бул ишембиликтин максаты таштандыларды өзүнчө чогултуу маданиятын жайылтуу жана калктын экологиялык билимин жогорулатуу болуп саналат. Ошондой эле, таштандыларды сорттоо жана келечек муундар үчүн экологиялык таза жашоонун маанилүүлүгүнө көңүл буруу.


Эске салсак, 2022-жылдан бери президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанда күз жана жаз айларында белгиленүүчү Улуттук тазалык күнүн киргизүү тууралуу жарлыгы күчүнө кирген.

Show More
Back to top button