Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Ысык-Көлгө 1 миллиондон ашуун карп-сазан балыгынын чабактары коё берилди – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Ысык-Көлгө 1 миллиондон ашуун карп-сазан балыгынын чабактары коё берилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Балык өнөр жай комплекси департаментинин 2024-2025 жылдарга карата түзүлгөн иш-чаралар планынын негизинде республиканын балык чарба маанидеги көлмөлөрүн балыктын баалуу түрлөрүнүн чабактары менен балыктандыруу иш чарасын жүргүзүүдө.
2024-жылдын 13 жана 18-сентябрында Департаменттин адистери, тийиштүү мамлекеттик кызматтын жана жарандык коомдун катышуусунда карп-сазан балыктарынын чабактары Ысык-Көл көлүнүн төмөнкү тилкелерине коё берилди.

  • Ысык-Көлдүн №40-тилкеси, Түп суусунун куймасына – 500 миң даана;
  • Ысык-Көлдүн 7, 13-тилкелерине – 1 млн. 200 миң даана.
    Жалпысынан азыркы учурга коё берилген карп-сазан балыгынын чабактагынын саны 1 миллион 700 миң даана. Алдыда дагы балыктандыруу иш чарасы уланууда.
Show More
Back to top button