Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Суу биоресурстарынын ден соолук кызматынын көз карандысыз эксперттери менен жолугушуу өттү

Суу биоресурстарынын ден соолук кызматынын (AAHS) көз карандысыз эксперттери, доктор Джефф Гроссел – топтун жеткчиси, доктор Марк Ле Грумеллек – техникалык эксперт, доктор Юко Гуд жана доктор Елена Ореллана Стаматиу менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигине караштуу Ветеринардык кызматынын, министрликке караштуу Балык чарба комплексинин департаментинин жетекчилери жана компетенттүү кызматкерлери катышты.
Миссиянын максаты жана милдеттери — Кыргызстандын суу экосистемасынын абалын жана суу организмдеринин саламаттыгын жакшыртуу болуп саналат.
Эл аралык көз карандысыз экспертизанын миссиясы:

  1. Кырдаалды баалоо: суу экосистемасынын абалына жана жаныбарлардын саламаттыгына текшерүү жана талдоо жүргүзүү;
  2. Маалыматтарды чогултуу: Учурдагы көйгөйлөр жана суу организмдеринин ден соолугуна коркунучтар жөнүндө маалымат чогултуу;
  3. Ветеринардык кызматтарга жана балык чарбаларына консультация берүү: суу жаныбарларынын жана экосистемаларынын ден соолугун чыңдоо боюнча сунуштарды берүү;
  4. Чечимдерди ишке ашыруу: ооруларга каршы күрөшүү жана суу организмдеринин жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча чараларды ишке ашырууга жардам берүү;
  5. Окутуу: жергиликтүү адистер жана кызматкерлер үчүн суу жаныбарларына мониторинг жана дарылоо боюнча тренингдерди өткөрүү.
    Ошондой эле, Суу биоресурстарынын ден соолук кызматынын көз карандысыз эксперттери Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору, Кыргыз Улуттук агрардык университетинин Ветеринардык медицина институту жана ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин жооптуу кызматкерлери менен жолугушту.
Show More
Back to top button