Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргызстандын айыл чарба азыктарын Өзбекстанга экспорттоо маселеси талкууланды

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирүү боюнча аткарыла турган иштер аныкталып, жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин Ташкент шаарында Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаев менен болгон жолугушуусунда талкуу болду. Эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирүү боюнча ушул жылдын июль айында президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапары учурунда өзбек коллегасы Шавкат Мирзиёев менен мерчемделген.
Андан сырткары, Бакыт Төрөбаев Ташкентте Өзбекстандын Айыл чарба министри Иброхим Абдурахмонов менен жолугушуу өткөрүп, Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Өзбекстанга экспорттоо жолдорун талкулашты. Ал көбүн эсе сүт, бал, балык, жүгөрү, картошка, эт азыктары сыяктуу бир катар продукцияларды камтыйт.
Белгилей кетсек, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин аракети менен учурда кыргыз картошкасы Өзбекстандын Андижан, Карши, Фергана ж.б шаарларынын базарларында эч тоскоолдуксуз сатылууда. Андан сырткары, эми башка азыктарды да коңшу өлкөгө чоң көлөмдө экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Show More
Back to top button