Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Өзгөн районунда 2 канал пайдаланууга берилди

       Каналдарды реабилитациялоо жана реконструкциялоо жумуштарына президенттин фондунан Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматына 100 млн.сом өлчөмүндө финансылык каражат бөлүнгөн. Ошондой эле, Ош башкы суу чарба башкармасынын атайын каражаттар беренесинин эсебинен – 6,8 млн сом сарпталган.

Бөлүнүп берилген каражаттарды үнөмдүү жана рационалдуу пайдалануу максатында подряддык мекеме жалдабастан жумуштар Ош башкы суу чарба башкармасы тарабынан чарбалык ыкма менен аткарылды.

Жаман-Адыр насостук станциясынан суу ичкен 719 га сугат жерлерди толук сугат суу менен камсыз кылуу максатында – 11,26 км(М-1=6,4 км, М-2=4,86 км) ички чарбалык каналдарын калыбына келтирүү (реабилитация) жана реконструкциялоо жумуштары аткарылды. 2024-жылы 19-август күнү Жаман-Адыр насостук станциясынын 2 агрегатын бирдей иштетип суу айдап, жаңы курулган каналдар сыноодон өткөрүлдү. Ал эми 31-августта толук кандуу пайдаланууга берилди. Бүгүнкү күндө дыйкан-фермерлердин суроо-талаптары боюнча сугат суу берилүүдө. Куруу жумуштары былтыр май айында башталып, быйыл август айында бүткөрүлдү.

Долбоордо каралган жумуштардан сырткары Өзгөн райондук суу чарба башкармасынын балансындагы МК (4,88 км) каналы мамлекеттик бюджеттин капиталдык оңдоо беренесинин эсебинен (5,6 млн сом) капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Капиталдык ремонттоо жумуштарынын алкагында 1077 м аралыкта Г-тибиндеги каналдын капталдарын, 1275 м аралыгында каналдын түбүн бетондоо, 5 даана жаңы суу бөлүп берүүчү курулмаларды (водовыпуски) куруу жумуштары аткарылды.

Show More
Back to top button