Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Быйыл мөмө-жемиштер былтыркы жылга караганда 10 миң тоннага көп жыйналууда

2024-жылга карата республика боюнча дан өсүмдүктөрүн жыйноо иштери жогорку деңгээлде жүрүүдө. Жалпы 417,0 миң га, башкача айтканда 70,0 % жыйналып, өткөн жылдан – 29,0 миң га көп. Алсак;
Буудай – 217,0 миң га 90,1 % жыналды, бул өткөн жылдан 16,9 миң га көп. Түшүмдүүлүгү – 29,7 ц/га, же 2023-жылдан 6,0 ц/га көп. Жогорку түшүмдүүлүк Жалал-Абад, Талас жана Ысык-Көл облустарында 30,0-33ц/га болууда. Ал эми дүң жыйым 644,6 миң тонна, башкача айтканда 2023-жылдан 256,0 миң тоннага көп.
Арпа -193,0 миң га же 77,0 % түзүп, өткөн жылдан 31,2 миң га көп жыйналууда. Түшүмдүүлүк – 26,0 ц/га түзүп, өткөн жылдан 4,0 ц/га көп. Дүң жыйым болсо – 500,7 миң тонна, бул былтыркы жылдан 144,4 миң тоннага көп болду. Ал эми арпанын жогорку түшүмдүүлүгү Чүй облусунда 29 ц/га болууда.
Жүгөрү – жалпы 8,0 миң га, же 7,5% жыйналып, түшүмдүүлүк 80,0 ц/га, былтыркыдан 7,4 ц/га көп. Дүң жыйым 62,2 миң тонна жыйналып, 2023-жылга салыштырмалуу 8,5 миң тоннага көп болууда. Ошондой эле, эң жакшы түшүмдүүлүк Ош облусунда 99,0 ц/га болууда.
Ал эми картошканын 19 миң га, тактап айтканда 28,0 % казылып, түшүмдүүлүк-176,3 ц/га болуп, өткөн жылдан 4,6 ц/га көп. Дүң жыйым 310,5 миң тонна, өткөн жылдан 43,6 миң тоннага көп. Ал эми Ысык-Көл жана Чүй облустарында 182,8-184,0 центнерден түшүм алышууда.
Жашылчанын дүң жыйымы – 539,4 миң тонна, же 2023-жылдан 127 миң тоннага көп жыйналды. Бахчанын дүң жыйымын-187,0 миң тонна, бул өткөн жылдан 61 миң тоннага көп. Ал эми мөмө-жемиштер-44,0 тонна жыйналып, өткөн жылдан 10,0 миң тоннага көп болду.

Show More
Back to top button