Важные новостиМаанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Жыл башынан бери 113,8 миң га аянтта зыяндуу чегирткелер жок кылынды

Зыяндуу чегирткелер жыл сайын республикабыздын айыл чарбасына, экономикасына, социалдык жашоосуна потенциалдуу коркунуч туудуруп, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуусуна коркунуч жаратып келет.
Ошондуктан, Өсүмдүктөрдү химиялааштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан айыл чарба өсүмдүтөрүнө жана жайыт жерлерге зыян келтирүүнүн алдын алды.
2024-жылдын 8 айында жалпы республика боюнча зыяндуу чегирткелерге каршы изилдөө иштери 146 449 га жүргүзүлдү. Алардын ичинен химиялык иштетүүлөр 113 754 га, аянтында жүргүзүлгөн.
Облустар боюнча:

  • Жалал–Абад облусу боюнча 44 550 гектарында изилдөө иштери жүргүзүлдү, анын ичинен чегиртке аныкталган аянты – 30 320 гектар, анын 30 320 гектарына химиялык иштетүүлөр жүргүзүлдү;
  • Баткен облусу боюнча 24 760 гектарында изилдөө иштери жүргүзүлдү, анын ичинен чегиртке аныкталган аянты – 21 000 гектар, анын 21000 гектарына химиялык иштетүүлөр жүргүзүлдү;
    -Чүй облусу боюнча 26 109 гектарында изилдөө иштери жүргүзүлдү, анын ичинен чегиртке аныкталган аянты – 19 509 гектар, анын 19434 гектарына химиялык иштетүүлөр жүргүзүлдү;
  • Ош облусу боюнча 15 570 гектарында изилдөө иштери жүргүзүлдү, анын ичинен чегиртке аныкталган аянты – 13 300 гектар, анын 13 300 гектарына химиялык иштетүүлөр жүргүзүлдү;
  • Нарын облусу боюнча 32 660 гектарында изилдөө иштери жүргүзүлдү, анын ичинен чегиртке аныкталган аянты – 27 600 гектар, анын 27600 гектарына химиялык иштетүүлөр жүргүзүлдү;
  • Талас облусу боюнча 2800 гектарында изилдөө иштери жүргүзүлдү, анын ичинен чегиртке аныкталган аянты – 2100 гектар, анын 2100 гектарына химиялык иштетүүлөр жүргүзүлдү.
    2024-жылы зыяндуу чегирткелердин санынын көбөйүшү, жылуу аба ырайы алар үчүн жагымдуу шарттарды түзгөндүгүнө байланыштуу.
Show More
Back to top button