Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргызстандан Өзбекстанга картошканы эскпорттоо маселеси каралды

2024-жылдын 27-августунда, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде картошка экспорту боюнча башталыш жыйыны өттү.

Жыйын офлайн жана онлайн форматтарда өткөрүлдү. Ага Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы соода өкүлү А. Темирбеков, картошка өндүрүүгө адистешкен агрокомпаниялардын өкүлдөрү, дыйкандар жана экспорттоочулар, ошондой эле министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана райондордун айыл чарба өнүктүрүү башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө кыргыз картошкасынын эл аралык рынокко чыгуу мүмкүнчүлүктөрү, тоскоолдуктар жана аларды жоюу жолдору, өзгөчө Өзбекстанга экспорттоо жагы талкууланды. Ошондой эле жаңы өнөктөштөрдү табуу жана сатып алуучулар менен келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Өндүрүштү жакшыртуу, калибрлөө цехин түзүү жана Россия Федерациясындагы соода өкүлчүлүгү менен кызматташуу боюнча милдеттер коюлуп, Министрликтин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнө бул милдеттерди аткаруу үчүн тийиштүү тапшырмалар берилди.

Кийинки кеңешме 2-жылдын 2024-сентябрында өтөт.

Show More
Back to top button