Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Ала-Букада жеке ишкер тоок фермасын кеңейтип, күнүнө 100 миңге чейин жумуртка өндүрүүгө багыт алды

Президент Садыр Жапаровдун Кара Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына байланыштуу чыгарган Жарлыгына ылайык, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоорду илгерилетүүдө. Бүгүнкү күндө агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоордун алкагында 96 долбоорду ишке ашырууда.

Анын алкагында Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылынын тургуну Кошбаев Дилмухаммеддин тоок чарбасы кеңейтилүүдө. Алгач ал HAYLAIN SONYA породасындагы тоок багып, күнүнө 10 миң даана жумуртка өндүрүп, райондогу дүкөндөргө сатып турган. Эми жеке ишкер мамлекеттин колдоосу менен ишкананы чоңойтуп,  0,45 га жер аянты  трансформацияланып, 33 миң жөжө бакканга ылайыкташкан имарат салып, 2024-жылдын 26-августунда 16 миң баш LOMAN SENDI породасындагы жөжөлөрдү Өзбекстандын Самарканд шаарынан алып келген. Жөжөлөр 2025-жылдын январь айынан тартып, жумурткага кире баштайт. Объектинин кошумча курулушуна 5 млн сомго жакын акча каражаты сарпталган. 2025-жылдын январь айынан тартып жаңы породадагы тооктору жумуртка өндүрө баштайт.

Белгилей кетсек, ишке ашырылып жаткан 100 долбоор балык чарбасында 14 долбоор, канаттуулар чарбасы –  12 долбоор, логистикалык борборлор жана кампалар – 13 долбоор, питомниктер – 11 долбоор, мал чарбасында – 8 долбоор, илимий-агартуу демилгелеринде -7 долбоор, жүн иштетүүдө – 5 долбоор, сүт багытында – 5 долбоор, машина-трактор станциялары – 3 долбоор, айыл чарба өсүмдүктөрүндө – 18 долбоорду камтыйт. 

Жалпы демилгелердин ичинен 32 долбоор мамлекеттик, ал эми 64 долбоор жеке болуп саналат.

Show More
Back to top button