Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министрлик менен үч тараптуу кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлду

2024-жылдын 20-августунда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, “Бай Дыйкан” ЖЧКсы жана Кытай China National Electric Engineering Co. LTD (CNEEC) компаниясы ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу тууралуу маанилүү документке — Меморандумга кол коюлду. Аталган документ Кыргыз Республикасынын аймагында карбамид жана комплекстүү жер семирткичтерди өндүрүүчү заводду куруу боюнча долбоорду биргелешип ишке ашырууну көздөйт.


Эки тараптуу кызматташтыктын максаты өлкөнүн агроөнөр жай комплексин чыңдоого, дыйкандарды сапаттуу жана жеткиликтүү жер семирткичтер менен камсыздоого багытталган заманбап ишкананы түзүү болуп саналат.


Жаңы заводдун ишке кириши өлкө ичинде карбамид жана комплекстүү жер семирткичтердин өндүрүшүн олуттуу деңгээлде көбөйтүүгө шарт түзөт. Бул импортко болгон көз карандылыкты азайтып, ата мекендик аграрийлерди сапаттуу продукция менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга өбөлгө түзөт.


Мындан тышкары, долбоор ишке ашканда, курулуш учурунда да, завод ишке киргенден кийин да жаңы жумуш орундарын түзүү каралган, бул аймактагы жумушсуздук деңгээлине оң таасирин тийгизет.


Ошондой эле, долбоордо экологиялык таза технологияларды колдонуу да каралган, бул айлана-чөйрөгө болгон терс таасирлерди азайтып, агрардык сектордун туруктуу өнүгүшүнө көмөктөшөт.

Show More
Смотрите также
Close
Back to top button