Маанилүү жаңылыктар

Өлкөдө 80 миңден ашык айыл чарба техникалары бар

Азыркы учурда республика боюнча 80 миңден ашык айыл чарба техникалары бар. Анын ичинен тракторлор 21627 даана, дан комбайндары 1960 даана, соколор 10786, үрөн сепкичтер 3124, чөп чапкычтар 4185, прессподборщиктер 3017, тырмоолор 2880, үрөн тазалагычтар 740, трактор чиркегичтери 9364, малалар 14445, культиваторлор 3848, жер семирткич чачкычтар 670, кызылча комбайны 74, жүгөрү комбайны 127, пахта жыйноочу комбайны 4, картошка жыйноочу машинасы 780, арык казгычтар 367 жана башка техникалар.

Ошондой эле, өлкөнүн айыл чарба техникалар менен камсыз болуусу 67% түзөт. Ал эми калган 33% айыл чарба техникалары жетишсиз, башка айтканда республика 30 миңден ашык айыл чарба техника талап кылынат.

Show More
Back to top button