Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Жыл башынан бери 400 миңден ашуун ири мүйүздүү мал жана башка жандыктар идентификациядан өттү

2024-жылдын 7 айында Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасынын (ЖИКС) маалыматтык тутумунда 2 234,1 миң баш ири мүйүздүү мал, 2,4 миң баш чочко, 505,4 миң баш жылкы активдүү (тирүү) статусун түзөт.
Анын ичинен 2024 – жылы республика боюнча төлдөрдү идентификациялоодо 413,8 миң баш ири мүйүздүү мал, 5,1 миң баш чочко, 10,9 миң баш жылкы идентификациядан өтүп, Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасына каттоого алынды.
Топтук идентификациялык номер ыйгаруу менен жаныбарларды идентификациялоо боюнча 55 үй канаттуулар чарбасы жана 145 үй канаттуулар фермасы, 1442 аары багуучу чарбада 99,7 миң аары бал челектер, 423 чарбада 1754 көлмөлөр идентификациядан өткөрүлүп, ЖИКС маалыматтык тутумуна киргизилди.

Show More
Back to top button