Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Бүгүнкү күндө өлкөдө кылкандуу дан эгиндеринин 71 пайызы оруп-жыйналды

2024-жылга карата оруп-жыйноо иштери өткөн жылга салыштырмалуу жогорку деңгээлде жүрүүдө. Алсак, картошка 221,1 миң тонна казылып алынып, өткөн жылдан 14,6 миң тоннага көп. Анын орточо түшүмдүүлүгү 170,0 ц/га түзүп, өткөн жылга караганда 4,2 ц/га жогору болууда. Ал эми жогорку көрсөтүчтү Ысык-Көл, Чүй облустарында гектарынан 184,0 центнерден алышууда.
Ошондой эле, жашылча-бахча өсүмдүктөрүн жыйноо ыргагы жогорку деңгээлде болуп, 451,2 жана 186,3 миң тонна жыйналып, былтыркы жылга караганда 54,3 миң тонна жогору болууда.
Белгилей кетсек, кылкандуу дан эгиндеринин (буудай, арпанын) – 351,2 миң га жыйналды, башкача айтканда 71,5 % түзүп, өткөн жылдан-71,2 миң га көп. Анын ичинен:

  • 186,4 миң га буудай, же 77,5 %, өткөн жылдан 42,1 миң га көп;
  • 164,8 миң га арпа – 65,7 %, же өткөн жылдан 29,1 миң га көп.
    Орточо түшүмдүүлүк буудайдан 29,4 ц/га, арпадан – 25,8ц/га, алынып, өткөн жылдагыдан – 6,4-4,8 ц/га жогору.
    Дүң жыйым бункердик салмак менен алганда 972,0 миң тонна (буудай, арпа) жыйналып, өткөн жылга салыштырмалуу – 355,7 миң тоннага көп топтолду. Алсак:
  • буудай -547,3 миң тонна топтолуп, же 216,1 миң тоннага көп;
  • арпа – 424,7 миң тонна топтолуп, 139,6 миң тоннага көп болду.
    Буудайды себүүдө жогорку агротехниканы колдонуу менен Чүй, Жалал-Абад жана Талас облустарынын фермерлери орточо 31,0 ц/га алышууда. Ал эми, Нарын облусунда кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери жаңыдан башталууда.
    Учурда Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо иштери аяктаган жерлерге экинчи түшүм үчүн жүгөрү силосу жашылча ж.б. айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү иштери жүрүп жатат.
    Эске салсак, учурда кылкандуу дан эгиндеринин жыйноого 810 дан жыйноочу комбайндар катышууда, бул өткөн жылдан 53 комбайнга көп.
Show More
Back to top button