Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Акыркы эки айдагы өлкөдөгү азык-түлүккө болгон баалар

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан 2024-жылдын июль жана август айларына карата республика боюнча азык-түлүк куржунунун баасына мониторинг эсептелип чыкты.

Азык-түлүктүн баасы кобүнчө жашылча жемиштер, сүт азыктары жана бахча өсүмдүктөрүнүн баалары өзгөргөндүгүн байкаса болот, мисалы:

ИюльАвгуст
Азыктардын тизмеси
1-сорттогу буудай уну – 44 сом 1-сорттогу нан – 29 сом Күрүч – 132 сом Гречка – 74сом Пияз – 36 сом Помидор – 100 сом Бадыраң –63 сом Сабиз – 36 сом Капуста – 29 сом Картөшкө – 23 сом Төө буурчак – 71 сом Кумшекер – 86 сом Өсүмдүк майы – 130 сом 10 даана жумуртка – 111 сом Алма – 117 сом Кой эти – 542 сом Уй эти – 517 сом Канаттуулар эти – 350 сом Балык –432 сом Чийки сүт – 42 сом Айран – 62 сом1-сорттогу буудай уну – 43 сом 1-сорттогу нан – 29 сом Күрүч – 134 сом Гречка – 83сом Пияз – 20 сом Помидор –79сом Бадыраң –58сом Сабиз –28сом Капуста – 24 сом Картөшкө – 33 сом Төө буурчак – 95 сом Кумшекер – 87 сом Өсүмдүк майы – 134 сом 10 даана жумуртка – 111 сом Алма – 97сом Кой эти – 572 сом Уй эти – 537сом Канаттуулар эти – 292 сом Балык –391 сом Чийки сүт – 42 сом Айран – 55сом

Белгилей кетсек, 2024-жылдын июль айына карата азык-түлүк куржундун баасын эске алуу менен республика боюнча жашоо минимумун эсептей келгенде бир айда бир жаранга 7959 сомду түздү, ал эми 2024-жылдын август айына карай эсептелген жашоо минимуму 7722 сомду түздү жана июль айы менен салыштырмалуу 3,07% га төмөндөгөнүн байкаса болот.

Эске салсак, Улуттук статистика комитетинен берилген жашоо минимуму республика боюнча  8144,34 сомду түзөт жана орточо айлык маяна 35298 сомду түзгөн.

Show More
Back to top button