Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Бакай-Атадагы медицина борбору жер астындагы сууну уруксаты жок пайдаланып келген

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы Талас облусуна караштуу Бакай-Ата райондук жалпы дарыгерлик практика борборуна текшерүү жүргүздү. Анын жыйынтыгында мыйзам бузуу фактылары аныкталды.
Маалыматка ылайык, Бакай-Ата райондук жалпы дарыгерлик практика борбору тарабынан КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-мартындагы №92 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы жер астындагы сууларды коргоо жөнүндө” жобонун талаптары бузулган.
Жыйынтыгында, текшерүү актысы түзүлүп, бузууларды четтетүү тууралуу жазма буйрук берилди. Мындан сырткары, жер астындагы сууну уруксат кагаздары жок пайдаланганы үчүн, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 91-беренесин ылайык 62 208 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Show More
Back to top button