Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

410, 4 миң га аянтта зыяндуу организмдерге каршы химиялык күрөшүү иштери жүргүзүлдү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине, илдеттерине жана отоо чөптөрүнө маршруттук изилдөөлөр (мониторинг) жүргүздү.
2024-жылдын 1-августуна карата республика боюнча жалпы 591,0 миң га айыл чарба жерлери изилдөөлөрдөн өтүп, фермерлер тарабынан 192,4 миң га аянтта зыянкечтер жана илдеттерге, ошондой эле, 218,0 миң гектарда отоо чөптөгө каршы химиялык иштетүүлөр жүргүзүлдү.


Жалпысынан 410, 4 миң га аянтта зыяндуу оргнизмдерге каршы күрөшүү иштери жүргүзүлгөн.
Дүйнө жүзүндө курт-кумурскалардын 8 млнʼго чейин түрү жашайт, жана алардын ичинен 700 миңден ашууну айыл чарбасынын зыянкечи болуп саналат. Кыргызстандын шартында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн коркунучтуу зыянкечтеринин 150дөн ашык түрү кездешет.


Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн илдеттери. Жер шарында өсүмдүктөрдүн 30 миңден ашык илдети кездешет. Кыргызстандын айыл чарбасында коркунучтуу деп саналган 70тен ашык түрү бар.
Отоо чөптөр. Дүйнөдө 280 миңден ашык отоо чөптөрдүн түрлөрү бар. Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүнө олуттуу зыян келтирген 300дөн ашык түрү кездешет.


Ар жыл сайын республикабыздын аймагында өтө коркунучтуу деп саналган чегиртке, америкалык ак көпөлөк, колорадо коңузу, дан эгиндерде – дан жужелицасы, клоп-черепашка, пахтада – кене, совка жана бит, көп жылдык чөптөрдө фитономус, мөмө-жемиш бактарында – плодожорка, шелкопряд, кант кызылчасында – блошка, узун мурун, жашылчада – томат күбөсү ж. б. курттардын очоктору катталат. Илдеттерден дат, ак кебер, кара көсө, котур, пероноспороз түрлөрү республикада көп таркалган.

Show More
Back to top button