Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Алдыңкы беш жыл аралыгында жайыттарды өнүктүрүү программасы кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-августундагы № 462 токтому менен “2024–2029-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын жайыттарын өнүктүрүү программасы” кабыл алынды.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын жайыттарын өнүктүрүү программасы кабыл алынбай келген. Ушул кабыл алынган программа жайттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу үчүн стратегиялык документ болуп эсептелинет жана жайыттарды өнүктүрүүгө чоң рол ойнойт.
“2024–2029-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын жайыттарын өнүктүрүү программасынын” алкагында төмөндөгүдөй иш-чаралар жүргүзүлөт:

  1. Жайыттарды туруктуу башкаруу. Жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну жакшыртуу;
  2. Жайыттарды жакшыртуу, жайыт инфратүзүмүн калыбына келтирүү;
  3. Жайыттарды эс алдыруу, которуштуруп пайдалануу;
  4. Жайыттарга жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн себүү, жайыт үрөнчүлүгүн өнүктүрүү;
  5. Жайыттардын климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулугунун жогорулатуу;
  6. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндө адистерди даярдоо, алардын билимин жогорулатуу;
  7. Жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну жакшыртууга багытталган ченемдик-укуктук актыларды өркүндөтүү;
  8. Жайыттарды пайдалануудагы басымдуулугун азайтуу максатында, малдардын асылдуулугун жогорулатуу (сандан сапатка өтүү).
Show More
Back to top button