Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

7 айда 14 айылдын 68 миң тургуну таза суу менен камсыз болду

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Суу ресурстары кызматына караштуу “Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү” мамлекеттик ишканасы ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу программасынын алкагында 14 айылда курулуш иштерин аяктап, 68 миң жаранды таза суу менен камсыз кылды.

Мындан сырткары, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы 95 айылды камтыган Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган долбоор ишке ашырылып жатат, анын ичинен бүгүнкү күндө 68 айыл ичүүчү суу менен камсыз болду.

Ал эми Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб, Мырза-Аке жана Дон-Булак айыл аймактарынын 7 айылын камтыган долбоорду аяктоо боюнча активдүү иштери жүрүп жатат.

Азыркы тапта республикалык бюджеттен каржылануучу 260 айылда долбоорлоо-сметалык жана курулуш иштери жүрүп жатат.

Show More
Back to top button