Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Быйыл кылкандуу дан эгиндер былтыркы жылкыга салыштырмалуу көп жыйналууда

2024-жылга карата оруп-жыйноо иштеринин ыргагы өткөн жылга караганда жогорку деңгээлде жүрүүдө. Алсак, картөшкө 201,7 миң тонна казылып, ал өткөн жылдан 10,2 миң тоннага көп. Орточо түшүмдүүлүгү 174,0 ц/га түзүп, өткөн жылга караганда 4,8 ц/га жогору болууда. Ал эми жогорку көрсөтүчтү Ысык-Көл, Чүй облустарында гектарынан 188,0 центнерден алышууда.
Ошондой эле, жашылча -бахча өсүмдүктөрүн жыйноо ыргагы жакшы жүрүп – 423,1 жана 175,0 миң тонна жыйналып, былтыркыдан 115,0 миң тонна жогору болууда.
Белгилей кетсек, республика боюнча кылкандуу дан эгиндерин жыйноого 845 дан жыйноочу комбайндар катышууда, бул өткөн жылдан 53 комбайнга көп. Азыркы учурда кылкандуу дан эгиндеринин (буудай, арпанын) -345,5 миң га жыйналды, же 70,2% түзүп, өткөн жылдан -72,2 миң га көп. Анын ичинен:

  • 182,8 миң га буудай, же 76,0 %, өткөн жылдан 41,8 миң га көп;
  • 160,7 миң га арпа – 64,5 %, же өткөн жылдан 30,4 миң га көп.
    Орточо түшүмдүүлүк буудайдан 29,3 ц/га, арпадан – 25,8ц/га, алынып, өткөн жылдагыдан – 6,3-4,4 ц/га жогору. Дүң жыйым бункердик салмак менен алганда 949,9 миң тонна (буудай, арпа) жыйналып, өткөн жылга салыштырмалуу – 345,8 миң тоннага көп топтолду. Алсак:
  • буудай -535,6 миң тонна топтолуп, же 210,6 миң тоннага көп;
  • арпа – 414,3 миң тонна топтолуп, 135,2 миң тоннага көп болду.
    Буудайды себүүдө жогорку агротехниканы колдонуу менен Чүй, Жалал-Абад жана Талас облустарынын фермерлери орточо 32,0 ц/га алышууда,
    Учурда Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо иштери аяктаган жерлерге экинчи түшүм үчүн жүгөрү силосу жашылча жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү иштери жүрүп жатат.
Show More
Back to top button