Маанилүү жаңылыктар

Ысык-Көл абрикосу Москва жана Санкт-Петербургда 60 сомдон 200 сомго чейин сатылууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү Россия Федерациясынын шаарларынын жергиликтүү дүң рынокторунун дирекциялары менен жолугушуп, Кыргызстанда өстүрүлгөн өрүктү сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, ошондой эле, жергиликтүү рыноктогу Ысык-Көл өрүгүнүн дүң жана чекене баалары менен таанышууда.
Москва шаарындагы “Фуд-Сити” дүң соода базарында Кыргызстандын Королевский абрикосу дүңүнөн 80 сомдон, ал эми жөнөкөй абрикос 60 сомдон сатылса, чекене баасы 150-200 сомдун тегерегинде.
Ошондой эле, Россиянын Санк-Петербург шаарында “Софийский” дүң-чекене базарында Королевский абрикос – 90 сом, ал эми жөнөкөй абрикос 65 сомдон дүңүнөн сатылып, чекене баасы 150-200 сомдун тегерегинде.
Кыргызстандын өрүгүн Россияда сатам деген дыйкандар бардык суроолор менен төмөнкү номерге байланышса болот: 0999 76 66 55

Show More
Back to top button