Маанилүү жаңылыктар

ФАО Кыргызстанга «Бирдиктүү ден соолук» ыкмасын бекемдөөгө жана жайылтууга жардам берүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматынын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору тарабынан демилгеленген, «Кыргызстанда «Бирдиктүү ден соолук» ыкмасын күчөтүү жана анын зооноздук ооруларды контролдоо үчүн потенциалын күчөтүү» долбоорунун алкагында ФАОнун колдоосу менен уюштурулган ветеринардык лабораторияларды ФАО-LMT инструменти менен баалоонун жыйынтыктары боюнча семинар болуп өттү.

Семинар ФАО- LMT инструментин колдонуу менен ветеринардык лабораторияларды баалоонун жыйынтыктарын берүүгө, аныкталган көйгөйлөрдү жана муктаждыктарды талкуулоого, ошондой эле ветеринардык лабораториялардын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды жана “Бирдиктүү ден соолук” ыкмасын иштеп чыгууга багытталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө өлкөнүн ветеринардык лабораторияларынын жетектөөчү адистери ветеринардык лабораторияларды баалоонун жыйынтыктарын талкуулап, сунуштарын беришти.

Семинар Кыргызстандагы ветеринардык лабораториялардын ишин жакшыртууга карай маанилүү кадам болду.

Ветеринардык лабораториялардын аныкталган потенциалы жана функционалдуулугу, ошондой эле сунуштар зооноздук ооруларды диагностикалоону жана контролдоону күчөтүүгө жардам берет, бул өз кезегинде инфекциялык коркунучтарды аныктоого жана ага каршы күрөшүүгө региондук жана улуттук даярдыкты чыңдоого өбөлгө түзөт.

Show More
Back to top button