Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Бакыт Төрөбаев: “Аймактардын экономикасын өнүктүрүп, айыл жергесиндеги тургундардын киреше булагын көтөрөбүз”

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы “БиБикей Групп” компаниясынын канаттуулар чарбасы менен таанышты.
Министр Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө аймактардын экономикасын өнүктүрүп, айыл жергесиндеги тургундардын киреше булагын көтөрүү үчүн, дал ушундай айыл чарба багытындагы чакан чарбалар, кайра иштетүүчү өнөр жайы болушу заман талабы экенин билдирди. Бул үчүн министрлик тарабынан чакан ишкерликти өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилип, болгон мүмкүнчүлүккө жараша көмөк көрсөтүлүп, колдоо болуп жатканын айтты.


“БиБиКей Групп” ЖЧКсы канаттуулар чарбасы кошумча нарк чынжырчаларынын лидери болуп саналат. “БиБиКей Групп” канаттуулар фермасы 2018-жылы эски советтик тоокканалардын негизинде уюштурулган. Заманбап тоок фермасын уюштуруу үчүн иштин ушул мезгилинде 900 000 доллардан ашык инвестиция салынган. Бүгүнкү күндө ишканын балансында тоок фермасы курулган 4,75 гектар жер бар. Канаттуулар фермасы Түркиядан алынган автоматташтырылган заманбап жабдуулар менен жабдылган. Учурда 70 000 тоок, 55 000 жөжө бар. Күн сайын 60 000 даанадан ашык жумуртка чогултулат.


Алынган продукциясы Ош шаарынын дүң базарларында сатылат. Ошондой эле, ири соода дүкөндөргө, коомдук тамактануу түйүндөрүнө жеткирилет. Учурда ишкананын өздүк каражатынын эсебинен 50 000 тоок тууй турган автоматтык линияны орнотуу үчүн тооккана курулуп жатат.


Мындан сырткары, жалпы наркы 35 миллион сомдук Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылына 2 га жерге 480 м.кв тоют өндүрүү үчүн цех, 300 м.кв. канаттууларды союучу цех жана 500 м. кв жумуртка инкубациялоочу жай куруу пландалууда.

Show More
Back to top button