Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

“Голубика” Кыргызстандын климаттык шартына жакшы ыңгайлашты

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти Байтик айылында голубика мөмөсүнө сорт сыноо жүргүзүүдө.


Голубика биздин аба ырайына жана климаттык шарттарда өзүн жакшы көрсөттү. Аны (Көккат) өстүрүү үчүн зарыл болгон бир шарт бар, ал – топурактын жогорку кычкылдуулугу. Бул үчүн атайын чым топурак Белоруссиядан алынып келинет.


Голубика (Көккат) мөмөсү — органикалык кислоталардын, витаминдердин жана минералдык туздардын чыныгы кенчи. Ал эми анын мөмөсүнүн баасы салттуу түрдө жогору. Голубика 3-4 жылдан кийин түшүм бере баштайт, бул учурда 1 гектар жерден 2 тоннага чейин мөмө алууга болот. Алтынчы жылдан баштап орточо түшүм гектарына 4 тоннага, жетинчи жылдан 5 тоннага чейин жогорулайт.


Ошол эле учурда, өсүмдүктү өстүрүү жөнөкөй болуп саналат: суукка чыдамдуу, эрте жазда катуу суукка туруштук бере алат. Грибок жана башка патогендерге туруктуу.

Show More
Back to top button