Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кочкор районунда «Шамшы» суу сактагычы менен ирригациялык каналы курулууда

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районундагы «Шамшы» декадалык жөнгө салуу бассейнинин курулуш иштери менен таанышты.
Аталган объектти куруу менен Шамшы дарыясынын эсебинен 1704 га жаңы жерлерди өздөштүрүү жана 2790 га аянттагы жерлерди суу менен камсыздоону жогорулатуу каралган. Шамшы дарыясында ДЖБ курулушунун жүрүшүндө бир нече татаал ирригациялык объекттер курулат.
Долбоор тарабынан декадалык жөнгө салуудагы нуктагы сыйымдуулугу 3,8 млн. м3 бассейн куруу, Шамшы дарыясында ДЖБ курулушунун жүрүшүндө дарыянын агымын жөнгө салуу үчүн ДЖБ плотинасы; ДЖБдан сугат суу кое берүү; Суу кое берүүчү төмөнкү бьефке (дарыянын бир бөлүгү) байланышкан курулуш; эксплуатация кызматынын курулуштары каралган.
Мындан сырткары, министрдин орун басары-Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев Кочкор районундагы “Ормон-Хан” сейил бакчасында сугат суу менен камсыздоо максатында аткарылып жаткан жумуштарды көрсөттү.
Аталган бакчада Кочкор райондук Суу чарба башкармалыгы тарабынан жамгырлатып сугаруу системасын орнотуу үчүн полиэтилен түтүктөрүн туташтырып, орнотуу жумуштары аткарылууда. Жамгырлатып сугаруу системасын орнотуу иштери 2024-жылдын 31-августуна карата аяктайт.
Жыйындын соңунда бардык курулуш талаптарын сактоо менен ДЖБнын курулушун, ирригациялык каналды мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тапшырмалар жана чечимдер кабыл алынды.

Show More
Back to top button