Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Нарын аймактык ветеринардык лабораториясы заманбап жаңы жабдуулар менен камсыздалды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Нарын облусуна болгон жумушчу иш сапары алкагында Нарын аймактык ветеринардык лабораториясынын иши жана жаңы жабдуулары менен таанышты.

Лаборатория мамлекеттик бюджеттин эсебинен заманбап жабдуулар жана лабораториялык эмеректер менен камсыздалган. Дүйнөлүк банктын “Нарын облусунун сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорунун алкагында 5 млн сомдон ашуун кошумча лабораториялык жабдыктар сатылып алынган.

Лабораторияда бактериологиялык, паразитологиялык, серологиялык, химиялык-токсикология жана ветеринардык-санитардык экспертиза (ВСЭ) бөлүмдөрү бар. Бул жерде 14 адис иштейт.

Ветеринардык лабораториянын негизги максаты – жаныбарлардын бактериялык жана мите ылаңдарын аныктоо, жаныбарлардан алынган чийки заттарга ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү.

2024-жылдын алты айында лабораторияга 10 338 ар кандай биологиялык жана патологиялык материал келип түшүп, 20 669 диагностикалык изилдөөлөр жүргүзүлгөн, алардын 3 052 оң чыккан.

Учурда лабораториянын бөлүмдөрү эл аралык стандарттарга ылайык аккредитациядан өтүүгө даярданууда.

Иш чаранын жыйынтыгында ветеринардык лабораториялардын ишмердүүлүгүн стандартташтыруу, көп баскычтуу башкаруу системасын түзүү, лабораториялык изилдөөлөрдүн ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча сунуштар айтылып, чечимдер кабыл алынды.

Мындан сырткары, Бакыт Төрөбаев Нарын районундагы Эчки-Башы айылында жаңыдан түзүлгөн «Сүт-Булак» сүт жыйноо пунктунун ачылыш аземине катышты. Бул пункт Миң-Булак айыл округундагы айылдык жана жайлоодогу сүт өндүрүүчүлөрдүн сүтүн чогултат.

Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү борборунун «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоорунун алкагында аталган пунктка 3 тонналык сүт муздаткыч, 1 тонналык сүт жыйноочу жана ташуучу цистерналар, сүттүн сапатын аныктоочу каражаттар берилген.


Эми муздатылган чийки сүт «Ак-Булак плюс» компаниясынын Нарын шаарындагы филиалына жеткирилмекчи.

Show More
Back to top button