Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Аламүдүндө түрк технологиясы менен жогорку сапаттагы суу түтүктөрү чыгарылып келет

Бүгүн, 1-август Аламүдүн районундагы Ленин айылында жайгашкан “Уни пласт” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышуу болуп өттү.


“Уни пласт” заводу Кыргызстандын рыногунда 15 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жаткан инновациялык ири ишкана. Завод азыркы учурда түрк технологиясы менен жогорку сапаттагы полиэтилен суу түтүктөрүнүн бардык түрлөрүн жасап чыгарат.

Акыркы убакта суунун тартыштыгына байланыштуу ишкананын продукциясына дыйкандар тарабынан айыл чарба жерлерин суу менен камсыз кылуу үчүн өзгөчө суроо-талапка ээ болууда. Түтүктөр жогорку атмосфералык басымга туруштук берет жана тамчылатып, жаадырып, сплинкерлер менен сугарууга мүмкүнчүлүк берет.

Мындан сырткары, ишкана тамчылатып жана жаадырып сугарууга керек болгон болгон бардык жабдууларды иштеп чыгарат. Ишкана суу түтүкчөлөрүн 1 саатына 500 кг, ал эми 10 саатта 5 тонна иштеп чыгарарын маалымдашты. Айыл чарбасына ылайыкташылган тамчылатуу суугарууга ыңгайлуу суу түтүктөрүн жана ичүүчү таза суу түтүктөрүнүн ар түрдүү диаметрдеги 25 түрүн чыгарат.

Show More
Back to top button