Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Ысык-Ата районунда машина-трактордук (МТС) станция ачылды

Бүгүн, 1-август күнү Ысык-Ата районундагы Интернациональная айылындагы машина-трактордук станциясынын ачылыш аземи болду. Аталган иш–чарага Кыргыз Ресупбликасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары К.У. Касейинов, Ысык – Ата районунун жергиликтүү өкүлдөрү, “Айыл банк” ААК өкүлдөрү катышышты.


МТСтин карамагында 24 айыл чарба техникасы бар. Тракторлор 3 даана, комбайндары 4 даана, айыл чарба техникалары 17 даана. Бүгүнкү күнү МТС катары кайра уюшулуп, карамагындагы айыл чарба техникалары Чүй облусунун бардык райондорунда дан эгиндерин, жүгөрү, кант кызылчасын жана тоют өсүмдүктөрүн айдап себүүгө, жыйноого катышып келүүдө.


Аталган МТС мамлекеттин колдоосу аркылуу ишке ашырылып жаткан лизинг долбоорлору менен айыл чарба техникаларын жеңилдетилген шарттарда алып, өзүнүн машина-трактордук паркын толуктап келе жатат. Ал сезондо 2000 га чейин жер аянтын иштетүүгө жетишет.


Белгилей кетсек, “Агроөнөр жай комплексин насыялоо” долбоору башталгандан бери 3 326 460, 32 сом суммасындагы – 1 134 айыл чарба техникасы “Айыл Банк” аркылуу дыйкан-фермерлерге берилген.

Show More
Back to top button