Маанилүү жаңылыктар

Бишкекте жеке ишкер айыл чарба жерине унаа жуучу жай куруп алганы

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы Бишкек шаарына караштуу Биринчи май районунун “Озерный” айыл аймагында жеке ишкер жайыт жерин максатсыз пайдаланып келгенин аныктады.

Маалыматка ылайык, жеке ишкер аталган жерге унаа жуучу жай куруп, иштетип келген. Жыйынтыгында, аталган кызмат тарабынан жерди баштапкы калыбына келтирүү боюнча эскертүү берилип, “Укук бузуулар” кодексинин 241-беренеси, күрдүү кыртыштын катмарын алуу, сактоо жана жаткыруу шарттарын аткарбоо боюнча тиешелүү суммада айып пул салынды.

Show More
Back to top button