Маанилүү жаңылыктар

Бакыт Төрөбаев: Калкты таза суу менен камсыз кылуу иштерин тездетүү зарыл

Кыргызстанда 1906 айыл болсо, анын 637и гана таза суу менен камсыз болгон. Калган 1071 айылга ичүүчү сууну жакынкы келечекте киргизүү керек. Учурда жалпы республика боюнча 260 айылга таза суу киргизүү программасы иштеп жатат. Анын алкагында:

  • Жалал-Абад облусу – 24 айыл, 6 шаар;
  • Баткен облусу – 72 айыл, 6 шаар;
  • Ош облусу – 42 айыл 4 шаар;
  • Талас облусу – 17 айыл 1 шаар;
  • Чүй облусу – 42 айыл 5 шаар;
  • Ысык-Көл облусу – 20 айыл, 3 шаар;
  • Нарын облусу – 43 айыл, 1 шаар.

Андан сырткары, жер алдындагы сууларды пайдалануу боюнча 2024-2030-жылдары скважиналар боюнча программа ишке ашырылат. Бул багытта скважиналарды инвентаризациялоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт. Анын алкагында 1155 скважинада оңдоо иштери каралып, ага 3,6 млрд. сом каражаты сарпталууга тийиш.


Бул иштерди тездетип, айыл тургундарын таза суу менен камсыз кылууну кечеңдетпөө зарыл. Мындай тапшырманы Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев министрликке караштуу Суу ресурстары кызматынын ишмердүүлүгү менен таанышкан жыйында айтып, тиешелүү жетекчилерге бул багытта бир катар маанилүү протоколдук тапшырмаларды берди.


“Элди таза суу менен камсыз кылуу – бул министрликтин, ага караштуу Суу ресурстары кызматынын бирден-бир маанилүү жана приоритетүү багыты. Бул жаатта ишти тездетүү зарыл жана жер-жерлердеги курулуш-монтаждоо жумуштарын өз убагында бүтүрүү керек. Калк таза, ичүүчү суу менен камсыз болушу шарт”, – деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.

Show More
Back to top button