Маанилүү жаңылыктар

Кыргызстан менен Казакстандын комиссиясынын 34-отурумунун протоколуна кол коюлду

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Чүй жана Талас дарыяларындагы мамлекеттер аралык суу чарба объекттерин пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Комиссиясынын 34-жыйыны болуп өттү.


Кыргыз делегациясын КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев жетектеди, ал эми Казакстандык делегацияны Суу ресурстары жана ирригация вице-министри Нурлан Алдамжаров жетектеди.


Кыргыз делегациясы казак делегациясы менен биргеликте Чүй жана Талас дарыяларындагы мамлекеттер аралык обьектилерден суу алуу графиктеринин аткарылышы жөнүндө., 2024-жылдын 20-июлуна карата Чүй жана Талас дарыяларындагы мамлекеттер аралык объектилериндеги аткарылган иштердин көлөмдөрү боюнча., Чүй жана Талас дарыяларында мамлекеттер аралык пайдалануу объектилерин биргелешкен каржылоо жөнүндө., 2000-жылдын 21-январындагы Казакстан Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чүй жана Талас дарыяларындагы мамлекеттер аралык пайдалануу суу чарба объекттери жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча., Чүй дарыясындагы Чумыш гидротехникалык түйүнүн башкаруу жана пайдалануу режими жөнүндө эки тараптуу документти иштеп чыгуу жөнүндө жана бир катар башка маселелер талкууланды.


Иш-чаранын жыйынтыгында Комиссиянын 34-отурумунун протоколуна кол коюлду.

Show More
Back to top button