Маанилүү жаңылыктар

Учурда кылкандуу дан өсүмдүктөрдүн 41,5%ы оруп жыйналды

Азыркы учурда кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо иштери Нарын, Ысык-Көл облустарынан башка аймактарда кызуу жүрүп жатат. Жалпы республика боюнча дан эгиндерин оруп жыюуда 886 комбайн иштеп жатат.

Белгилей кетсек, республика боюнча республика боюнча кылкандуу дан эгиндеринин 203,1 миң га, же 41,5 % жыйналып алынып, орточо түшүмдүүлүгү – 28,6 ц/га түзүп, өткөн жылдан 13,6 центнерге көп. Жалпы дүң түшүмү бункердик салмак менен алганда 581,2 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу – 279,0 миң тоннага көп топтолду.

Буудай. жыйноо иштери 101,9 миң га аянтта жүргүзүлүп, жалпы аянтка карата, же 42,2 % жыйналды. Орточо түшүмдүүлүгү – 30,5 ц/га болуп, былтыркы жылга караганда 12,5 ц/га көп. Түшүмдүүлүк Баткен, Жалал-Абад, Чүй облустарында 33,5-35,0 ц/га болууда.

Арпа. Республика боюнча 101,2 миң га аянтта жыйналды, же жалпы аянттын 40,6 % түзүп, өткөн жылга салыштырганда 1,6 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүк – 26,8 ц/га түзүп, өткөн жылдан 16,3 ц/га көп. Дүң түшүм – 270,7 миң тонна топтолуп, былтыркы жылдын деңгээлинен 120,7 миң тоннага көп болду.

Арпанын эң жакшы түшүмдүүлүгү Чүй, Талас облустарында гектарынан 28,2 центнерден алынууда.

Картошканын түшүмүн да жыйноо кызуу жүрүп жатат. Жалпы-66,4 миң га аянттын – 6,4 миң га же 9,7 % казылып алынып, орто түшүмдүүлүк-166,3 ц/га түзүп, өткөн жылдан 4,8 ц/га көп болууда. Дүң жыйым 106,9 миң тоннаны түздү.

Ал эми Чүй облусунун картөшкө өстүргөн дыйкандары гектарынан 183,0 центнерден түшүм алышууда.

Быйылкы жылы жашылча өндүрүүчүлөр жакшы жыйынтыктарга жетишип, дүң жыйымы – 292,2 миң тоннаны түзүп, 2023-жылга карата 39,5 миң тоннага көп жыйналды.

Ошондой эле, бахча өстүрүүчүлөр да анын дүң жыйымын – 126,9 миң тонна, же өткөн жылдан 29,0 миң тоннага көп жыйналды.

Show More
Back to top button