Маанилүү жаңылыктар

Көлмө-суу тилкелерин балык чарба ишмердүүлүгүнө берүү боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти көлмөлөрдү жана суу тилкелерин балык чарба ишмердүүлүгүн уюштуруу үчүн пайдаланууга берүү боюнча сынактын жыйынтыгын чыгарды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасындагы табигый жана жасалма көлмөлөрдү балык чарбалык өздөштүрүү жана пайдалануу жөнүндө” 07.09.2009ж. №561  токтомуна ылайык (КРнын Өкмөтүнүн 19.02.2019ж. №67 токтомунун редакциясы).

2024-жылдын 14-июлунда Эркин-Тоо газетасына Сынакка 10 көлмө же суу тилкесине конкурс жарыяланган.  Жалпысынан 18 юридикалык жана жеке жактар сынакка катышуу үчүн арыздарын жана документтерин тапшырышты.

Критерийлердин жана баалоонун негизинде, эң жогорку упай алган төмөнкү катышуучулар сынактын жеңүүчүлөрү болуп эсептелди:

1. Лот 00-27 – Катышуучу 1 (Насачев А.В..), упайлардын саны 597;

2. Лот 00-28 Катышуучу 1 (Лидер А.Е.), упайлардын саны 584;

3. Лот 00-29 –  Катышуучу 1 (Аристокиев Т.С.), упайлардын саны  566;

4. Лот 00-30  – Катышуучу 1  (Гелесканов В.Ж.), упайлардын саны  559;

5. Лот 00-31 – Катышуучу 1 (Тарасов Д. А.), упайлардын саны   592;

6. Лот 00-32 –  Катышуучу 1  (Радченко А.С.), упайлардын саны  595;

7. Лот 00-33 – Катышуучу 1  (Радченко А.С.), упайлардын саны  593;

8. Лот 00-34 – Катышуучу 1  (Скворцова А.В.), упайлардын саны  575;

9. Лот 00-35 – Катышуучу 1  (ЖЧК “Али и КО”.), упайлардын саны 612.

Show More
Back to top button